БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Паралимпиада оюндары: бүгүн триатлончу Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат

Паралимпиада оюндары: бүгүн триатлончу Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 2-сентябрда Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында триатлончу Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат. Аны Ангелина Блиндул коштойт. Жарыш Бишкек сааты боюнча, 16:05де башталат.

Ал эми 6-сентябрда пара дзюдодон Маматибраим Суранов, 8-сентябрь пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева беттешке чыгат.

Кечээ, 1-сентябрда кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен Жүзбаева көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекордду жаратты.

Азырынча Кыргызстанда медаль жок. 

Медалдардын саны боюнча Кытай алдыда баратат. Алардын куржунунда учурда 75 медаль бар. Экинчи орунду Улуу Британия 43 медаль менен ээлеп турат. Ал эми Америка Кошмо Штаттары 29 медаль менен үчүнчү орунга жайгашты. Коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстанда 12, Казакстанда бир күмүш медаль бар. 

Паралимпиада майыптыгы бар жарандар арасында өткөрүлөт. Быйыл XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августта башталган. Мелдештерге 182 өлкөдөн 4400 спортчу 22 спорттун түрүнөн катышууда. Кыргызстандан өлкө намысын коргоого 4 спортчу кеткен. Иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей