БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Паралимпиадага катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти

Паралимпиадага катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти

10.09.24. Сүрөт: "Т-Медиа"/Максат Боромбаев

Париждеги Паралипиада оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар бүгүн, 10-сентябрда өлкөгө кайтып келишти. Аларды "Манас"эл аралык аэропортунан туугандары, күйөрмандары жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тосуп  алышты. 

Париждеги Паралимпиада оюндары 28-августа башталган. Кыргызстандан бул оюндарга төрт спортчу катышты. Алар - жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева, парадзюдодон Маматибрким Суранов, паратриатлондон Айтунук Жоомарт кызы жана парапауэрлифтингден Миргүл Болоталиева.

 

Майыптыгы бар спортчулар катышкан Паралимпиада оюндары азыркы аталышта 1960-жылдан бери уюштурулуп келатат. Программасына спорттун салттуу түрлөрү жана майыптыгы бар атлеттер үчүн иштелип чыккан жарыштар кирет.

Автор: Т-Медиа > 384 макала