БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Париж-2024: бүгүн Кыргызстандык эки спортчу беттешке чыгат

Париж-2024: бүгүн Кыргызстандык эки спортчу беттешке чыгат

коллаж

Бүгүн Олимпиадада Кыргызстандын эки спортчусу беттешке чыгат. Суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метр аралыкта эркин сүзүүгө катышат.

Мелдеш саат 11:00дө башталат.

Түнкү саат 00:00дө боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда күч сынашат. Ал 57 салмакта АКШлык атаандашы Жамал Харви менен беттешет.

Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу сууда сүзүү, күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча оюндарга катышат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей