БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Париж Олимпиадасы: Бүгүн беш спортчу беттешке чыгат

Париж Олимпиадасы: Бүгүн беш спортчу беттешке чыгат

Сүрөт: Т-Медиа

Бүгүн 10-августта Париж Олимпиадасында кыргызстандык 5 спортчу мелдештерге чыгат. Беттештер Бишкек сааты менен 15:00дө башталат.

Кайсы спортчу саат канчада чыгат? Тизме

 15:00. Эркин күрөш боюнча Айаал Лазарев 125кг салмак чен бирдигинде  жубатуучу беттешке чыгат. Ал Канаданын спортчусу Амарвир Деси менен кез келет. 

15:30. Эрназар Акматалиев 65 кг салмакта 1/8 финалда венгриялык Исмаил Масукаев менен килемге чыгат.

Айпери Медет кызы 76 кг өзүнүн биринчи атаандашы кытайлык Ван Цзюань менен күч сынашат.

23:15. Айсулуу Тыныбекова коло үчүн беттеште румыниялык Криста Инце менен канадалык Анна Гонзалес жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.

10-августтан 11-августка караган түнү саат 01:30  бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык Абдумалик Халоков менен алтын үчүн рингге чыгат.

Бүгүнкү беттештерде спортчулар Кыргызстандын капчыгына дагы 5 медаль алып келүү мүмкүнчүлүгү бар.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей