БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Париж Олимпиадасы: Сардана Трофимова 42 чакырымга чуркоодо 14-болуп келди

Париж Олимпиадасы: Сардана Трофимова 42 чакырымга чуркоодо 14-болуп келди

Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 26 мүнөт 47 секундда басып өттү. Спортчу бул убакытта чуркоо менен Кыргызстандын рекордун жаңылады. Буга чейин Токио Олимпиадасында кыргызстандык Дарья Маслова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секундда чуркап, 36-орунду ээлеген эле.

42 чакырымга чуркоодо маарага нидерландык Сифан Хассан биринчи келип, жаңы рекорд койду. Ал аралыкты 2 саат 22 мүнөт 55 секундда басып өткөн. Марафондук жарышка жалпы 91 спортчу катышып, анын ичинен 11и марага чейин жетпей калды.
36 жаштагы марафончу Сардана Трофимова Азия оюндарынын коло байгесинин, Жарым марафон боюнча Азия чемпионатынын коло байгесин уткан.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей