БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Парламент ар бир литр бензинден бир сом алуу сунушун колдоп берди
Парламент бүгүнкү, 20-ноябрдагы жыйынында жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын ар бир литиринен 1 сомдон алуу мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда колдоп берди.
Мыйзам долбоорго ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Ал каражат Жол фондуна топтолуп, жолдор оңдолору айтылган. Транспорт министрлиги документти алгач сунуштаганда "жолду-ким көп унаа айдаса, ошол бузат" деген жүйө келтирген.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аталган мыйзам долбоору каралып жаткан учурда сөз сүйлөп, 2027-жылдан тарта бардык айылдарга, жайлоолорго кеткен жолдорго асфальт төшөлөрүн билдирди.
"Бюджеттен акча бөлүнбөйт, Жол фондунан гана алынат. Кечээ бул тууралуу президент менен сүйлөштүк",-деди Шакиев.
Мындан сырткары ал 1250 даана транспорт тармагында иштей турган техника алынып келерин, алардын 750сү Жол фондуна түшкөн каражаттын эсебинен алынганын кошумчалады.
Парламент бул мыйзам долбоорду 3-октябрдагы жыйынында биринчи окууда талкуусуз кабыл алган.
Автор: Осмонова Айдана > 792 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat