БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламент: депутаттар эс алуудан келишти

Парламент: депутаттар эс алуудан келишти

02.09.2024. ЖСүрөт: Жогорку Кеңеш

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары эки айлык тыныгуудан кийин жумушка чыгышты. 

IV сессиясынын ачылышы менен Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Айжигит Тыналиев, Бакытбек Марипов, Арсланбек Эгембердиев, Аккулу Бердиев жана Эрнис Айдаралиевдер ант беришти. Эми тармактык комитеттердин отурумдары өтүп, Жогорку Кеңеш бир жумада эки жолу жалпы жыйынга чогулуп турат. Парламенттин III сессиясы 27-июнда жыйынтыкталган.

Жетинчи чакырылыш 2021-жылдын декабрь айында ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей