БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүүсүн колдоду

Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүүсүн колдоду

Курманкул Зулушев

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду. Ага 58 депутат "макул" деп добуш берди.

Президент Садыр Жапаров Зулушевдин ордуна Максат Асаналиевди сунуштап, документ парламенттин кароосуна жиберилгени айтылууда.

4-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Зулушевдин кызматтан кетүү боюна арызын карап, колдоп берген. 

Курманкул Зулушев отставкага кеткени 3-июнда маалым болгон. Буга байланыштуу расмий маалымат таратылган жок. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Зулушев кызматтан кетүү тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаровго арыз бергенин ырастап, бирок себеби тууралуу түшүндүрмө берген жок. Анын ордуна прокуратура системасынын ичиндеги кадрлардан талапкер каралып жатканын кошумчалады. 

Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызматына 2020-жылы 21-октябрда дайындалган. 

Быйыл 24-апрелде президент Садыр Жапаров ага өзүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялаган.

54 жаштагы Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Ал 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. 2015-жылдан 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей