БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламент Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

Парламент Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Тишелүү токтом долбоорун 69 депутат колдоду.

Парламенттин 10-январдагы жыйынында Жамгырчиевди жоопко тартуу маселеси каралды. Анда эл өкүлү кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден ("Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал) колдоо алуу максатында жолукканын анын ишин иликтеген депкомиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев билдирди. 

"Эмил Жамгырчиев жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамы болуп туруп Орто Азияда белгилүү болгон Салим Абдувалиевден колдоо, издөө максатында аны менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Аталган жолугушуудан кийин Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын жашыруу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чек арадан өтпөстөн, болжол менен 2022-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп Бишкекке келген", -деди Эрбаев. 


Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы келди.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова 9-январда депутат Эмил Жамгырчиев анын иш бөлмөсүнүн терезесинен  качып чыкканын журналисттерге ырастаган.  

"Биз ал учурда мен иш бөлмөмдө жок элем. Биз пресс-борбор жакта күтүп турганбыз. Иш бөлмөдө жардамчыларым бар болчу, алар кабинетке бизде иштеген бир кыз менен кирди деп айтышты. Алар "биз сүйлөшүп алышыбыз керек" дегенде жардамчыларым бөлмөдөн чыгып турушкан. Андан кийин коммендант келип экинчи кабаттан бирөө секирип түшкөнүн айткан. Жардамчыларым бизде эч нерсе болгон жок деп эле бөлмөнүн эшигин ачса, ал жерде депутат жок болгон. Кантип секирип кеткенин эч ким көргөн жок", -деди Алимжанова.

9-январдагы жабык жыйынында депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышканы ал эми Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткени айтылган. 

Эске салсак: 2023-жылдын 27-декабрында  Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Автор: Т-Медиа > 354 статей