БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламентте өзгөчө камкордукка муктаж болгон балдарга жөлөк пулду эки эсе көбөйтүү сунушталды

Парламентте өзгөчө камкордукка муктаж болгон балдарга жөлөк пулду эки эсе көбөйтүү сунушталды

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-апрелиндеги жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев өзгөчө камкордукка муктаж болгон балдардын ата-энелерине берилчү жөлөк пулду эки эсе көбөйтүү сунуштады. 

Эл өкүлү өлкөдө аутизм, шал илдети, даун синдромуна чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканына айтып, алардын ата-энеси өкмөттөн 6300 сомдон 8000 сомго чейин эле акча аларын белгиледи. 

"Жакында эле мен Ош шаарындагы, Алай районундагы жана Бишкек шаарындагы аракетке жөндөмсүз, камкордукка өзгөчө муктаж балдардын ата-энелери менен жолуктум. Аларга азыркы учурда мамлекет тараптан көнүл буруу жетишсиз. Мисалы, баласы  аутизм, шал илдети, даун синдромуна салдыккан болсо, апасы түнү-күнү жанында. Башка жакта иштей албайт. Сыртка чыга албайт. Анан мындай балдардын атасы көпчүлүк учурда "балам майып болуп калды" деп таштап кетишет. Аларга 6300 сомдон 8000 сомго чейин эле акча бөлүнөт. Өкмөт ушуну эки эсе көтөрүп берсе. Анткени баланы реабилитациялык борборлорго, массажга алып барат. Тилекке каршы, өкмөт бөлгөн акча таптакыр жетпейт"

Эл өкүлү муну менен кошо аймактарда, райондун борборлорунда бош турган имараттарды өзгөчө камкордукка муктаж балдарга ылайыктап реабилитациялык борборлорго айлантууну сугуштады.

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей