БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиадага катышкан спортчулардын экөө өлкөгө кайтып келди

Олимпиадага катышкан спортчулардын экөө өлкөгө кайтып келди

Сүрөт социалдык тармактан алынды

Олимп оюндарына катышкан суучул Денис Петрашов жана дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга кайтып келди. Аларды 2-август, таңкы саат 04:30да "Манас" Эл аралык аэропортунан тосуп алышты. 

Денис Петрашов 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча мелдештерге катышкан. 30-июлда 200 метрге сүзүп, 25 спортчунун арасынан он алтынчы болуп барган. Бул көрсөткүчү менен Петрашов Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирээт Олимпиадада жарым финалга чыккан суучул болду. 

Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча турнирге катышты. Ал 66 кг салмакта беттешип украиналык атаандашына жеңилип калган. 

Олимп оюндары быйыл Парижде өтүп жатат. Ага Кыргызстандан жалпы 16 спортчу кеткен. 

Жакынкы беттештер:

Эртең 3-августта суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашат. 

Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.

Ал эми бокс боюнча спортчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат. Ал биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей