БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«ПолитКлиника» менен «Апрель» журналисттери тууралуу белгисиз адамдар маалымат чогултуп жатканы билдирди
"ПолитКлиника" өздөрүн "УКМКнын кызматкерлерибиз" деп тааныштырган белгисиз адамдар медианын редактору Ырысбү Кылычбек кызынын жана журналист Адахан Аманатовдун жеке маалыматтарын чогултуп жатканын 4-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, алар Кылычбек кызынын жакын туугандарына, Амантуровдун мектебине барышкан.
“ПолитКлиника” порталы ал адамдардын ким экенин тактоо мүмкүн болбогонун, редакция расмий органдардан маалымат алуу үчүн аракет кылып жатканын маалымдады.
Ал эми "Апрелдин" билдиришинче, өздөрүн "милиция кызматкерлери" деп тааныштырган адамдар медианын кабарчысы Юлия Кулешованын жеке маалыматтарын чогулткан. Алар бул маселе боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, ал адамдар чын эле укук коргоо органдарында иштеген-иштебегенин тактап берүүнү сурашкан.
Журналисттерге байланыштуу бул окуя боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дагы, Ички иштер министрлиги да бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Автор: Улукбек кызы Асем > 390 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat