БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент: келерки жылдан тарта мечит имамдарына айлык төлөнө баштайт

Президент: келерки жылдан тарта мечит имамдарына айлык төлөнө баштайт

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын март айынан тарта өлкө боюнча бардык мечиттин имамдарына айлык бериле баштай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 23-декабрда "Кабар" маалыматтык агенттигине берген комментарийинде айтты.

Жапаровдун сөзүнө караганда, маяна башында 8 миң сомдон берилет. Жыл соңунда 20 миң сомго көтөрүлөт. Ошондой эле ал ар бир мечитке садака салчу жыгач, темир жашиктердин ордуна электрондук QR-коду бар жашиктер орнотулат. 

"Ойлоп көрсөк, төрөлгөндөн өлгөнгө чейин молдолорго муктажбыз. Төрөлгөндө молдо чакырып, азан айттырып ат коёсуз. Үйлөнгөндө молдо чакырып нике кыйдырасыз. Өлгөндө молдо чакырып жаназа окутасыз. Ким көңүлүнөн чыккан тыйынын берип койгону болбосо, ушунун баары бекер. Молдолор бүгүнкү күнгө чейин эмгек акы алышпайт. Ошондуктан ар бир айылдын молдосу эмгек акы алып иштесин деп жатабыз. Ошондо милдеттүү түрдө иштешет. Башка динге же башка агымга кирип кеткендерди тарбиялап, бир гана муфтиятка баш ийип, ханафий мазхабына кайтаруу жагын муфтият молдолорго жүктөсө болот. Муфтияттын сөзү да молдолорго өтүмдүү болот. Чачыранды болуп жүргөн дин тармагы тартипке келет. Өзүбүз бир эле элбиз. Анан 15-20 агымга, кандайдыр бир башкача дин эрежелерине бөлүнүп жүрөбүз. Бул өтө уят жана опурталдуу нерсе", -дейт ал.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, өлкөдө 3900 мечит, 150 медресе бар. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 418 макала