БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент аскер адамдарына кызматтык батирди менчиктештирүү укугун берген жарлык чыгарды

Президент аскер адамдарына кызматтык батирди менчиктештирүү укугун берген жарлык чыгарды

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров Турак жай кодексине жана "Аскер кызматчыларынын макамы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 13-мартта кабыл алган.

Мыйзам жыйырма же андан ашык жыл аскерде кызмат өтөгөндөргө берилген турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет кепилдик берген укугун ишке ашырууну камсыз кылат. Мыйзамга киргизилген толуктоолорго ылайык, жыйырма же андан ашык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына турак жай тикелей сатуу жолу менен берилет.

Ошол эле учурда жаш курагына, ден соолугуна, штат кыскарганына, үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайларга байланыштуу отставкага чыккан жана 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөндөргө, ошондой эле кызмат учурунда курман болгон же көз жумган аскер кызматчысынын үй-бүлөсүнө жашап жаткан же аларга берилген кызматтык батирлер жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, аскер, прокуратура, коопсуздук, милиция жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кызматтык батир берилет. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей