БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент Жапаров автотранспорт салыгы жоюлганын билдирди

Президент Жапаров автотранспорт салыгы жоюлганын билдирди

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун билдирди. Өлкө башчы бул тууралуу 8-декабрда "Фейсбук" баракчасына жазды. 

Президент бул чечим “Жол фонду жөнүндө” мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алганын белгиледи. 

“Транспортко мындан ары салык алынбайт. Анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алынып баштады”.

Мындан сырткары буга чейин транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма берген. 

"Жол фонду жөнүндө" мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр декабрь айында кол койгон. Ага ылайык, ушул жылдын 1-январнан тарта жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон алына баштады. Ал каражат "Жол фондуна" топтолуп, өлкөдөгү жолдорду оңдоого, салууга жумшалары айтылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала