БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун болжолдуу себебин айтты

Президент Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун болжолдуу себебин айтты

Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборунда. Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылууга көмүрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал 2-февралда "Кабар"  маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

"Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп түздөн-түз Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам. Борбор шаарыбызда быйыл ыштын аз болгондугу дагы таза көмүр жаккандыктан болду".

Мурдараак өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кырсык боюна эки версия каралып жатканын билдирген.

"Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен диверсия болгон деген да божомол каралып жатат. Анткени түнкү саат үчтөр чамасында катуу үндөр чыккан. Биз ошондой эле техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз", - деди ал.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун маалымдады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Жылуулук борбордогу кырсыктан улам Бишкектин 12, 11, 6, 7, 3, 5 кичи райондоруна, 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, "Улан", "Көк Жар" кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулуп, борбор калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Автор: Т-Медиа > 355 статей