БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Чек ара кызматынын шарттарын жакшыртуу улантылып жатканын айтты

Президент Чек ара кызматынын шарттарын жакшыртуу улантылып жатканын айтты

Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы жана Кыргызстандын Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчы өз куттуктоосунда бүгүнкү күндө дүйнө жүзү ар кандай жаңы чакырыктар менен коркунучтарга туш болуп жаткан кыйчалыш учурда, чек ара кызматынын ролу болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болгонун белгиледи.

Ошондой эле мамлекет тарабынан чек ара кызматынын шарттарын жакшыртууга бардык аракетттер көрүлүп жаткандыгын айткан.

"Чек араны кайтаруу жөн эле кесип эмес, Мекенди көздүн карегиндей коргоого арналган ыйык милдет. Бул кесипти тандап алгандардын баары өз мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликти жакшы түшүнөт. Бул маанилүү күнү Мекенибиздин чек арасын коргоодо өз өмүрүн берген бардык жарандарыбыздын жаркын элесин таазим этүү менен эскеребиз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Биз чек ара кызматынын потенциалынын жогорулашы өлкөбүздөгү коопсуздуктун жана туруктуулуктун ачкычы экенин жакшы түшүнөбүз. Учурда мамлекет тарабынан чек ара кызматынын шарттарын жакшыртууга, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап техникалар менен камсыздоого бардык аракеттер көрүлүүдө. Чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү, аскер кызматкерлеринин турмуш шартын социалдык жактан камсыздоону жакшыртуу иштери улантылууда. ", — деп айтылат  президенттин сөзүндө.

Мындан сырткары президент чек арачы ардагерлерге ыраазычылыгын билдирген.

1999-жылы 28-майда " Чек ара кызматы жөнүндө"жарлык чыккан. Ага ылайык, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу, эгемендикти, бүтүндүктү жана өлкөнүн кол тийбестигин камсыздоо максатында Кыргызстандын Чек ара кызматы түзүлгөн.

2002-жылга чейин Чек ара кызматынын курамына Коргоо министрлигинин Чек ара кызматынын башкы башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук кызматынын башкы чек ара көзөмөл башкармалыгы кирген. Кийин бир канча жолу өз алдынча орган, Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы мекеме болуп өзгөргөн.

2020-жылы Чек ара кызматы кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилди.

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей