БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент: азыркы гимн азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылган

Президент: азыркы гимн азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылган

Сүрөт: Кабар

Президент Садыр Жапаров "Кабар"агенттигине маек берип, мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси боюнча өз оюн айтты. Өлкө башчысы азыркы гимн азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылганын белгилеп, өзгөртүүгө каршы эместигин билдирген. Ал эми жаңысы "мамлекетти даңазалоо, жарандарды мекенчилдикке, биримдикке, ынтымакка чакырган жана элдин духун көтөргөн мазмунда болушу керек" дейт.

"Ошондуктан эми өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун? Албетте, азыркы гимнибиз дагы унутта калбайт. Биринчи гимнибиз катары архивде тарых болуп кала берет. Тууну оңдоп коёлу дегенде да айрым демогог, популисттер каршы чыгышты эле. Азыркы туубуз жаман болдубу? Мурдагы туудан бир тепкич өйдө болду. Мурдагы туубуздагы күндүн белгиси же күн карама эмес, же "пилораманын" арасы эмес түшүнүксүз эле белги болчу. Азыркы тууну көргөн адам дароо эле күндүн нуру экенин түшүнөт. Жаркырап турат".

Ал эми экс-депутат Адахан Мадумаровдун гимнди өзгөрүүгө каршы пикирине көңүл бурбоого чакырган.  

"Ал бүгүн өзүнүн айтканына эртең каршы чыга берет. Учурдагы кырдаалга карата пикирин жана позициясын өзгөртүп кете берген адамдарды мамлекетчил адам деп айтууга болбойт. Андай адамдар өзүмчүл болушат. "Мен эле болушум керек, менден башка эч ким эмес" дешет. Бир мисал келтирейин. 2009-жылы мен Комиссар болуп иштеп турганымда "Транспаренси интернешнл» эл аралык уюмунун жетекчисин ээрчитип алып Адахандын кабыл алуусуна баргам. Анда ал мамлекеттик катчы болуп турган. Алар чыгып кеткенден кийин Адахан мени алып калып столунун үстүндө жаткан кагаздарды алып мага көргөздү. Кагазда жаңы туу, жаңы гимн, жаны герб тартылган экен. Туунун өңү көк экен. Мына ушуларды алмаштыруу боюнча маселе көтөрүп жатам. Илгери биздин туубуз көк болгон. Манас атабызда да көк асаба деп айтылат. Ал эми бул гербдеги бүркүттү карасаң. Балтыры тооктун санындай болуп турат. Бүркүт дегендин балтыры жоон болуш керек. Мен «ии ооба, туура айтасыз, өзгөртсөк туура эле болот экен. Желек да жарашыктуу болуптур. Сиз кыйын адамсыз ушунун баарын байкаган» деп мактап коюп кете бергем. Анысын унутуп калса керек бечара".

Шакиевдин гимнди өзгөртүү сунушу

25-октябрда Кара-Кыргыз Автоном облусунун 100 жылдыгы, анын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү планы бар экенин айткан. Төрага буга себеп катары Кыргызстан өнүгүү жолундагы өлкө экенин, гимн баары бирдей ырдай турган болушу керектигин белгилеген. Ушул күнү эле Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгына арналган иш-чарада "президентибиз бир мамлекетке барганда биздин гимн ырдалганда чымчыктар учуп кетиптир. Башка гимн ырдалганда кайра келип конуптур" деп айткан. 

Социалдык тармактарда айрымдар Шакиевдин идеясын сынга алышууда."Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Адахан Мадумаров да пикирин билдирип, спикердин гимнди өзгөртүү керек деген жүйөсү түшүнүксүз экенин айткан. 

Кыргызстанда гимнди өзгөртүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. 2012-жылы декабрь айында анын экинчи куплети толугу менен алынып салынган. Ага "бейкуттук"деген сөз терс мааниге ээ деген пикир себеп болгон. 

Гимн 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеште үч куплет болуп бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала