БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент интернетте жалаа үчүн айып караган мыйзам тууралуу комментарий берди

Президент интернетте жалаа үчүн айып караган мыйзам тууралуу комментарий берди

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек берип, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди.

Жапаров бул мыйзамды маданият министрлиги сунуштаганын, бирок аны кайтарып алуунун кереги жок экенин белгилейт. Бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин айтып, "парламенттин кароосуна коюш керек" деген пикирин кошумчалады.

"Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет. Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири бири менен урушса интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат. ММКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ММКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап ал маалыматты өчүрүшөт", - деди Жапаров. 

Президен ошондой эле  "массалык башаламандык" беренеси менен айыпталып жаткан 11 журналисттин иши боюнча дагы пикирин билдирип, аларды “жасалма маалымат тараткан” деп айыптады.

"Алардын экөө гана журналист экен го. "Калганы 11-класс билими барлар" дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп социалдык түйүндөргө отургузуп, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатканын кантип танат? Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып, бийликтин кемчилигин далил менен айтууга чакырды. Ал бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштешкенге даяр экенин кошумчалады.

Интернетте жалган жалаа жазгандарга айып караган мыйзам

"Укук бузуулар жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. Анда мыйзамды аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөнү айтылган. 

Долбоордо жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттарда жана алардын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталган. 17-августта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитети аны биринчи окууда карап, колдоп беришкен.

 

Автор: Боромбаев Максат > 116 статей