БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Бишкекте "бейбаштыкка" шектелип кармалгандар боюнча комментарий берди

Президент Бишкекте "бейбаштыкка" шектелип кармалгандар боюнча комментарий берди

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров соңку учурларда "мекенчилмин" деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысы 9-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.

"Кийинки убакта мен "мекенчилмин" деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү "кайсы кара теке сүздү" билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: "Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө" деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин: "Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап" деп", - деди Садыр Жапаров.

Жапаров эч кимдин атын ачыктаган жок.

Бишкек шаардыкмилициясы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, 7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул боюнча кылмышка шек саналып, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдары берген инициалдардын ичинен И.И Илимбек Исраиловдун, М.А Азамат Мариповдун аты-жөнүнө дал келерин жазышты. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей