БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент "Клооп Медианын" жабылышы боюнча үн катты

Президент "Клооп Медианын" жабылышы боюнча үн катты

Сүрөт: "Кабар" агенттиги

Президент Садыр Жапаров "Клооп Медиа" фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берди. Өлкө башчы 3-сентябрда "Кабар" улуттук агенттигине маек берип, бул маселе жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине токтолгон. 

Садыр Жапаров "Клооп Медиа" жабылганы тууралуу кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуганын, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айтты. 

"Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес. Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте, андайларды колдобойбуз", - деди Садыр Жапаров.

Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 16-июлда "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.  Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду ликвидациялоо тууралуу өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды. 

Басылманын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечимин "ушундай эле болмок" деп атап, "Клооп" эч нерсеге карабай ишин улантарын белгилеген. 

Буга чейин Бишкек шаардык соту "Клооп Медианын" аппелляциялык арызын кароодон баш тарткан. Буга соттук коллегия арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтирген. Басылманын юристи Нурбек Сыдыков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко арыз берилерин билдирген.

"Клооптун" орус тилиндеги сайты былтыр 12-сентябрдан тарта жабылган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган. Министрлик ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу "фейктер жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн."Клооп" бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Автор: Т-Медиа > 354 статей