БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө сунуштады

Президент Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө сунуштады

Сүрөт президенттин сайтынан алынды/ БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясы

Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралу президент Садыр Жапаров 24-сентябрда уюмдун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

"Кыргызстан бул негизги органга эч качан шайланбаган өлкө катары 2026-жылдын июнь айында Нью-Йорк шаарында өтө турган шайлоолордо сиздердин колдооңуздарга үмүт артабыз. Кыргызстан шайланган учурда, Кеңештин ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле анын курамын аймактык өкүлчүлүктүн тең салмактуулугун эске алуу менен кеңейтүү ишин улантат. Африка өлкөлөрүнүн Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн жетишсиздигин оңдоо жана Кыргызстанды кошкондо 60 мүчө мамлекеттин эч качан Коопсуздук Кеңешине шайланбагандыгын эске алып, тарыхый адилетсиздикти жоюу убактысы келди", -деген Жапаров.

Коопсуздук Кеңеши БУУнун негизги алты органынын бири болуп саналат. Туруктуу эмес мүчө болууга кезектеги шайлоо 2026-жылдын июнь айында Нью-Йоркто өтөт. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей