БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент өлкөдө адам укугу менен сөз эркиндиги сакталып жатканын айтты

Президент өлкөдө адам укугу менен сөз эркиндиги сакталып жатканын айтты

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Бүгүн, 7-февралда президент Садыр Жапаров абакта жаткан 11 журналист боюнча "Кабар" маалымат агенттигине маек курду. Өлкө башчы Кыргызстанда сөз эркиндиги сакталып жатканын айтып, "адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингди дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт" дейт.  

"Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – "сөз эркиндиги" деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн "лжемекенчилдер". Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. "Сөз эркиндиги" деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат. Элдин баары аларды көрүп-билип эле турат. Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барсак, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек. Дүйнөлүк рейтингди ким түзөт? Дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок".

Садыр Жапаров демократия боюнча да оюн айтып, Кыргызстандын сындап жаткан өлкөлөрдүн өзүндө демократия жок экенин белгилеген.

"Демократия десе эле, жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка чакырык жасашат. Же бирөөнө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деп түшүнүп алып атышат. Айрым маалымат сайттары да иликтеп, тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарышууда. Кыскасы бизде ушундай жагдайлар көп. Ошол үчүн биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек", -дейт Жапаров.

 

Журналисттердин жапырт кармалышы

16-январда эрте менен Ички иштер министрлиги "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, аларды кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Автор: Т-Медиа > 355 статей