БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент "Манас" театрын ачып, акын, манасчыларга мамлекеттик сыйлык тапшырды

Президент "Манас" театрын ачып, акын, манасчыларга мамлекеттик сыйлык тапшырды

Сүрөт: Султан Досалиев/ Изат Айдаркулова

Бүгүн, 18-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы тарыхта элдик оозеки чыгармалар ооздон-оозго өтүп, куйма кулак тубаса элдик таланттар аркылуу нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, тил сакталып, урпактан урпакка уланып келе жатканын белгиледи.

Анда соң президент Манас эпосун сактоого, ошондой эле айтуучулук өнөрүн жана төкмө чыгармачылыгын жайылтууга кошкон салымы үчүн  бир катар акын, манасчыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды."Эмгек Баатыры" сыйлыгы Элмирбек Иманалиевге, "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы "Манас" театрынын манасчысы Рысбай Исаковго ыйгарылды. 

"Даңк" медалы менен манасчы, "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу сыйланды.

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардак наам "Манас" театрынын төкмө акыны Баян Акматовго тапшырылды. 

Ошондой эле төкмө акын Изат Айдаркулова жана дастанчы Улукбек Токтоболот уулу Ардак грамота менен сыйланышты.

Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 600 чарчы метрди түзөт. Театр 2021-жылдын сентябрында "Манас" эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. 

Кийин 2022-жылы президенттин жарлыгы менен театрга улуттук макамы берилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей