БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча жарлыкка кол койду

Президент маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча жарлыкка кол койду

Иллюстративдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын сайтына 14-октябрда жарыяланды. 

Жарлыкта учурда кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорлук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешери жазылган. Ага ылайык, Муфтиятка маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн төмөнкүдөй фатваларды чыгаруу жүкөлгөн:

- Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салууну;

- Мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт деп аныктоону;

- Маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине, президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү бийликке үч айлык мөнөөттө "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө"жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы коюлган. 

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей