БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди

Сүрөт интернеттен алынды

Бул тууралуу президенттин расмий сайтына 18-ноябрда жарыяланды.

Эми жарлыктын негизинде "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Бул "Мамлекеттик ипотекалык компания" менен "Элдик Банктын" "Топтомо ипотека" программасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, турак жайды каржылоо багыттары боюнча ипотекалык насыянын суммасы төмөнкүдөй бөлүнөт:

– "Социалдык ипотека" 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;

– "Жеңилдетилген ипотека" 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;

– "Арзан ипотека" 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин.

"Топтомо ипотека"- "Турак жайды үлүштүк куруу" механизми аркылуу "Менин үйүм" турак жай программасынын алкагында батирди жеңилдетилген шартта, аз өлчөмдөгү баштапкы чыгым жана мамлекеттин колдоосу менен сатып алса болот. Аны берүүнүн шарттары төмөкүлөр:

- кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынан 30% 6 айга банкка депозитке салынат;

- турак жай наркынан 20% – жылдык 10% менен 5 жылга банктык насыя;

- калган 50%ы – жылдык 8% менен 15 жылга ипотека;

- күрөө талап кылынбайт.

Быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган.

Автор: Боромбаев Максат > 146 макала