БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Олимпиадада спортчуларга түзүлгөн шарт боюнча сындарга жооп берди

Президент Олимпиадада спортчуларга түзүлгөн шарт боюнча сындарга жооп берди

Сүрөт президенттин сайтынан алынды

Президент Садыр Жапаров кыргыз спортчуларына Олимпиадада жакшы шарт түзүлбөгөнү тууралуу сындарга жооп берди. Өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине маек берген. 

Жапаров спортчулар өзүнүн тамагын өздөрү камдап алса болоорун айтып, Олимпиада комитети диетолог жана психолог алып албаганы кемчилик болгон деп эсептеген. 

лбетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар. Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз. Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу" - деген президент. 

Ошондой эле, акыркы жылдары спортчуларга жакшы шарт түзүлүп жатканын белгилеген. 

"Мурда жатаканаларда жашап жүргөн спорчуларыбыз бар эле. Аларга шарт түзүп, батирлерди алып, ижара акысын төлөп берип келдик. Эми Кудай буюрса, өз үйлөрү болуп калат. Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, каражат жок, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт. Кыскасы, “Көрө-көрө көсөм болом” дегендей, кийинки Олимпиадага кандай даярдыктар менен баруу керектигин билип алдык. Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы".

Буга чейин балбан Үзүр Жузупбеков коло медаль уткандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, командада диетолог, психолог жок экенин, күрөш алдында өзүн алсыз сезгенин, муну туура эмес тамак жегенден улам болсо керек деп болжолдогонун айтып берген. Ошондой эле, атаандашына тактикалык жактан утулганын, дагы да каталардын үстүнөн иштөөнү улантаарын айткан эле.

Социалдык тармакта мындай учурда спортчуларга бийлик тарабынан шарт түзүлүшү керек эле деген сындар айтылып жатат. Ага чейин, кыргызстандык суучул Денис Петрашов Париждеги Олимпиада катышуучулары үчүн курулган шаарчада шарт начар болуп, тамак-аш тартыштыгы жаралганын билдирген.

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Ал 11-августта аяктайт. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды.

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей