БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент: Бишкектеги окуяны кызыктар тараптар пайдаланып кетти

Президент: Бишкектеги окуяны кызыктар тараптар пайдаланып кетти

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 18-майда Бишкекте болгон окуя боюнча кайрылуу жасап, чет элдик студенттер жашаган жерлерге барып кол салгандардын баары жазасын аларын эскертти. Өлкө башчынын 15 мүнөттүк кайрылуусун анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады. Жапаров өз сөзүндө окуянын күч алып кетишине жол берилбегенин, ошол эле учурда чогулгандарга күч колдонулбаганын белгиледи. 

Ал 13-майдагы окуяга ыкчам чара көрбөгөн күч органдарынын шалаакылыгы да себеп болгонун айтты. Мамлекет башчысы «адамдарды ошол күнү »башка күчтөр, жагдайды курчуттууга кызыктар тараптар да азгырган«деп белгиледи.»

«Ооба, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз маалында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле. Биздин патриот жаштарыбыздын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары, албетте, туура. Ал талаптарды бул окуяда эле эмес, буга чейин да коюп келе жаткансыздар.Тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул маселелерге анализ жүргүзүп, тиешелүү иш жүргүзө баштаганын дагы билесиздер. Өзүңөр күбө болгондой, буга чейин эле УКМК, ИИМ тарабынан мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоо иштери жүрүп жаткан. Бирок, жогоруда белгилегенимдей, интернет желесине эмне чыкса, ошого ишенип, тең салмактап, талдоо жүргүзө албай, ортодо чагымчылдардын намысты козгогон азгырыктарына жетеленип, куттуу өлкөбүздүн, өнүгүү жолуна багыт алган мамлекетибиздин, эзелтен келаткан меймандос элибиздин кадыр-баркына шек келтирдиңер. Бул өтө өкүнүчтүү.Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар. Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз».

Президент мындан ары ушундай окуяларга катышкандар аёсуз жазаланарын эскертти. Ал эми өсүп-өнүгүү үчүн дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен достук карым-катышта болууга чакырды. Ошондой эле миңдеген кыргызстандыктар дүйнөнүн ар тарабында окуп, иштеп жатканын белгиледи. 

Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгонун, чет элдиктер жашаган жатаканага кирип барып күч колдонгон төрт жергиликтүү тургун аныкталганын, алардын экөө жана чет өлкөлүк төрт жаран да кармалганын маалымдаган.

Бул окуядан кийин Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти. Дагы жарандарын алып кетүү үчүн атайын каттам уюштуруларын өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар айтты. 

Саламаттык сактоо министрлигинин 20-майдагы маалыматы боюнча, окуядан кийин 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Анын ичинде 11 бейтап ооруканада дарыланууда. 

Автор: Осмонова Айдана > 661 статей