БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров март революциясынын 19 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров март революциясынын 19 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров  24-март элдик революциясынын 19 жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Анда Жапаров авторитардык бийликке каршы күрөш Аксы окуясынан башталып 24-марттагы Элдик революция, 7-Апрель окуялары менен уланып, акыры Октябрь окуясына алып келгендигин белгилеген. 

"Кыргыз эли - эзелтен сабырдуу эл, айкөл эл. Баарына чыдамы жетер, бирок адилетсиздик менен эгерим элдешпеген, сабыры түгөнүп жаалданып алса, эч бир күч токтото албаган өжөр эл. Мына ошол 2005-жылдын 24-мартына чейин эле коррупцияга белчесинен баткан, үй-бүлөлүк башкаруусун билмексен болгон текебер бийликке эскертүү берип, сес көрсөтүп, акыры элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгондордун эсебин колуна берип, тарыхый бурулуш жасаган”-деп жазылат өлкө башчынын кайрылуусунда.

Ошондой эле Садыр Жапаров бийликтин чыныгы ээси эл экенин кошумчалаган.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен белгилүү. Ал күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей