БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров жалпы мекен коргоочуларды куттуктап, эл-жери үчүн кан төгүп, жан берип тарыхта калгандардын эрдиктерин мектеп окуучуларынан тарта эскерип туруу парз экенин билдирди.

Ата Журту үчүн тикесинен тик турган, мамлекеттин башына мүшкүл түшкөн учурда мекен чегине чеп болуп коргоп келгендерге ыраазычылык билдирип, мекен үчүн жанын бергендердин жаркын элесин эч качан унутулбай турганын айтты. 

“Урматтуу мекендештер! Мекен жүгүн бир гана эр-азаматтарыбыз эмес, биздин кыз-келиндерибиз да кошо тартышып келет. Аскерде кызмат кылып, армиянын жашоосуна баш-оту менен кирип, бардык кыйынчылыктарын кабагым-кашым дебей, берген антын бекем туткан аялзатынын өкүлдөрү арбын. Ошондуктан жалпы Мекен коргоочуларын бүгүнкү майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Баарыңыздарга Мекенибизге кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!”, - деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

23-февраль Кыргызстанда 2003-жылдан бери Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип келет. Кыргызстандыктар бул күнү эс алышат.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей