БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Президент судья Марат Сыдыковду кызматтан алуу чечимин колдогон жок
Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад ишинде айыпталган саясатчы жана активисттерди актаган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковду кызматтан четтетүү боюнча чечимди артка кайтарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды.
Алагөзовдун билдиришинче, Сыдыков кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу тууралуу Соттор кеңешине арыз жазган. Алар арызды канааттандырып, судьяны кызматтан бошотуу чечимин өлкө башчысына киргизген. Бул сунушту президент канааттандыруусуз калтырып, материалды артка кайтарган.
"Марат Сыдыков судьялык кызматтан кеткен жок", -деди Алагөзов.
Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы 29-июлда айтылган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat