БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент "Унаа" ишканасынын жетекчиси жөнүндө комментарий берди

Президент "Унаа" ишканасынын жетекчиси жөнүндө комментарий берди

Сүрөт: Кабар

Президент Садыр Жапаров өткөн жумада кармалаган "Унаа" ишканасынын жетекчиси жана айдоочулук күбөлүктүн сатылышы тууралуу 30-сентябрда "Кабарга" комментарий берди. Мамлекет башчы Рустам Жокоев башында жакшы иштегенин белгилеп, кийин коррупциялык система түзүп, айдоочулук күбөлүк 40 миңден 80 миңге чейин сатыла баштаганы аныкталганын айтат.   

"Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып: "Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын" деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун. Дароо айта кетейин, менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз. Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган "Унаанын" жетекчиси да бар эле", -деген ал. 

Жапаров эми "Унаага" жаңы жетекчи дайындаларын, 40 районго автомектептерди ачуу боюнча тапшырма коюлуп жатканын да кошумчалаган.

Рустам Жокоев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 27-октябрга чейин камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси "Пара алуу" менен айыпталууда.  

Жокоев Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп 2021-жылы сентябрда дайындалган. Ага чейин мекемеде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеген. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Мамлекеттик "Ала-Арча" паркы" мекемесинин директору болуп турган.

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей