БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент Өзбекстандын маданият министрине Кыргызстандын эл артисти наамын берди

Президент Өзбекстандын маданият министрине Кыргызстандын эл артисти наамын берди

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтына чыкты.

Маалыматка ылайык, Назарбековду мамлекет башчысы кабыл алып, эки элдин ортосундагы жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салттар аркылуу байланышкан достукту чыңдоодо маданият маанилүү тармак экенин белгиледи.

"Сиздин чыгармачылык жолуңуз көпчүлүктү шыктандырат. 15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында сиз катышкан музыкалык кече биздин жалпы маданий ынтымагыбыздын дагы бир көрүнүктүү мисалы болот", - деди президент.

Президент Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент жана Бухара шаарларында Кыргызстандын Маданият күндөрү өткөнүн, анда кыргыз-өзбек достугуна арналган гала-концерт, көргөзмөлөр жана кино көрсөтүүлөр уюштурулганын эске салды. Мамлекет башчысы 2025-жылга белгиленген Өзбекстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрү эки элдин жакындыгын арттыруу үчүн маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.

Элүү жаштагы Озодбек Назарбеков Маданият министрлигинин жетекчилигине 2020-жылы дайындалган.Ал Өзбекстандын эл артисти наамына ээ. 

Автор: Т-Медиа > 390 макала