БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров: 1-июлдан тарта ID карталарды бекер алмаштыруу акциясы башталат

Садыр Жапаров: 1-июлдан тарта ID карталарды бекер алмаштыруу акциясы башталат

Интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров 1-июлдан тарта ID карттарды бекер алмаштырууга акция жарыяланганын билдирди. Бул тууралуу ал 19-июнда социалдык тармактагы баракчасына жазып, акция 31-августка чейин созуларын эскертти. 

Ал эми "жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жетпейт" дейт. 

"Буга чейин "чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен" деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID-карталары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID-карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, коргоочу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт". 

1-июндан тарта кыргызстандыктарга өлкөдөн даярдалган паспорттор бериле баштады. Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басылары былтыр сентябрда маалым болгон. Ал үчүн "Учкун" мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылчу. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей