БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров Эмгек майрамы менен куттуктады

Президент Жапаров Эмгек майрамы менен куттуктады

Садыр Жапаров

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-Май - Эмгекчилдердин майрамы менен куттуктады. 

Президенттин сайтына жарыяланган куттуктоодо Жапаров кыргызстандыктарды бар күчү, билими жана жөндөмү менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

“Байыртадан эле ата-бабаларыбыз дагы “Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар” деп, эмгек менен ынтымак-ырыскы келерин бийик даңазалап келишкен. Бүгүнкү күндө коом турмушунун бардык тармагында бир топ көңүл жылытарлык жетишкендиктер байкалууда. Албетте, мунун баары эмгекти сүйгөн элибиздин жигердүү катышуусу менен ишке ашууда. Балдарыбыздын бактылуу келечеги, урпактарыбыздын байгер турмушу үчүн мамлекетти ар тараптуу өнүктүрүүгө мындан ары дагы аракеттерибизди токтотпойбуз деп ишендирип кетем. Урматтуу мекендештер, дагы бир жолу Эмгек майрамыңыздар кут болсун! Ар бириңиздер иштеген ишиңиздерден ыракат алып, эмгегиңиздерден баар таап, жашооңуздардын маңыздуу өтүшүнө тилектешмин”.

1-Май майрамы расмий түрдө алгачкы жолу 1917-жылы ы Февраль революциясынын жеңишинен кийин Оруссияда  белгиленген. Кыргызстанда 1919-жылы Пишпек шаарында өткөн. Бүгүнкү күндө бул дата майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей