БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров кыргызстандыктарды Баш мыйзам күнү менен куттуктады

Президент Жапаров кыргызстандыктарды Баш мыйзам күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Конституциянын ченемдерин кыйшаюусуз аткарууну өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел экенин билдирген.

"Баш мыйзамыбыздын укуктук маңызы гана эмес, руханий жана маданий мааниси да бийик. Элибиздин келечек мүдөөсү менен дүйнө таанымын чагылдырып, өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктоочу пайдубал катары кызмат кылат. Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз. Биздин негизги милдетибиз Конституцияда камтылган баалуулуктарды карманып, анын ченемдерин бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү болуп саналат", -деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 31 жыл толду.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы ушул күнү легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактаган.

Референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр 5-майда кол койгон.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей