БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

3-июлда президент Садыр Жапаров Астана шаарында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. 

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдагандай, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн жана ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Садыр Жапаров Кыргызстан 2024-2025-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунуна өлкөнүн төрагалыгынын алкагында Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Мындан сырткары ал "Бир алкак - бир жол" демилгесинин негизги түзүүчүсү болгон "Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун белгилеп, анын өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн символу катары маанисин белгилеген. 

"Садыр Жапаров быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин "Барскоон-Үчтурфан-Аксу" автожолунун курулушу боюнча да маселени козгоду. Ал "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышы Кытай өкмөтүнүн 2024-жылга карата планына киргизилгенин, эми кытай тараптын ички процедураларынын аякташы күтүлүп жатканын айтты", -деп айткан.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Си Цзиньпинди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба продукциясын экспорттоо, регионалдык өз ара аракеттенүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу документтерге кол коюлду.

Бүгүн, 4-июлда ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Ага катышуу үчүн Садыр Жапаров 3-июлда Казакстанга кеткен. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей