БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров Олимпиадага барчу спортчулар менен жолугуп, желек тапшырды

Президент Жапаров Олимпиадага барчу спортчулар менен жолугуп, желек тапшырды

Сүрөт: Султан Досалиев

Өлкө башчы Садыр Жапаров ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу 21-июлда президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстан алтын медалга бир кадам жетпей калганын эске салып, андан бери үч жыл өткөнүн, бул жылдар аралыгында мамлекет бардык тармактар боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткенин белгилеген.

"2021-жылы сиздер менен жолукканда биздин жалпы максатыбыз — 2024-жылдагы Париж Олимпиадасында биринчи орундарды камсыз кылуу, алтын медаль жеңүү деп айттым эле. Бул менин эле сөзүм эмес, элдин дагы суроо-талабы, үмүт-тилеги болгон. Мына ошол үмүт-тилектерди актоого мезгил келди деп ойлойм. Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи алтын медалын жеңип, көз карандысыз Кыргызстандын 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек кыласыңар деп бекем ишенем".

Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндары 24-июлда башталат. Ал эми ачылыш аземи 26-июлга белгиленген. Өлкө атынан оюндарга 16 спортчу сууда сүзүү, күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча катышат.

Кыргызстандык спортчулардын мелдешке чыга турган күндөрүн бул шилтеме аркылуу өтүп билсеңиз болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей