БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров саммитте Израил-Палестина кагылышуусуна токтолду

Президент Жапаров саммитте Израил-Палестина кагылышуусуна токтолду

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде  Израил-Палестина кагылышуусуна токтолду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


 

Анда Жапаров согуштук аракеттерди токтотууга жана сүйлөшүү процессин баштоого чакырган.  

 

“Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, - деди Садыр Жапаров.

 

Ташкентте өтүп жаткан жыйынга Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын мамлекет башчылары жана  Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары катышууда

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей