БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент журналисттерге: акыйкаттыкты камсыз кылууда эмгегиңиздер эбегейсиз

Президент журналисттерге: акыйкаттыкты камсыз кылууда эмгегиңиздер эбегейсиз

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Мамлекет башчы бул кесиптин ээлери маалымат гана таратууда эмес, коомду туура жолго багыттоодо, улуттук баалуулуктарды жайылтып, акыйкаттыкты камсыз кылууда эмгеги чоң экенин белгилеген. 

"Теле-радио кызматкерлери, сиздер коомчулукка өз убагында так маалымат жеткирүү аркылуу өлкөдө туруктуулукту жана адилеттүүлүктү сактоодо маанилүү роль ойнойсуздар. Мына ошондон улам теле-радио кызматкерлеринин мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп баса белгилөөгө болот", -деп жазылган куттуктоодо. 

Президент ошондой эле "ар бир телеканал, радио чоң аудиториясын кармап калуу үчүн эл аралык тажрыйбаларды иликтеп, контентти өнүктүрүп, жаңы форматка ылайыктап чыгаруу жолуна өтөт" деп ишенерин айткан. 

Кыргызстанда 8-декабрь теле радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп эсептелет. 1958-жылы ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала