БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орунбеков Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын тоюндагы видеосу боюнча комментарий берди

Орунбеков Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын тоюндагы видеосу боюнча комментарий берди

Сүрөт: Акчабар

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаедин апасы Мая Алиеванын мааракесине катышкан видеого комментарий берди. 

 

 

Орунбеков 9-ноябрда "Фейсбукка" пост жазып, социалдык түйүндө тараган видео эски экенин, Мая Алиеванын 70 жылдык мааркесинде тартылганын белгиледи. Анда Жапаров тойго кошунасы катары барган. 

 

"Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда. Мая Алиева (ред- Камчы Көлбаевдин апасы) менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз", -деп билдирди Орунбеков.

 

Социалдык тармактарда Акылбек Жапаровдун Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан видеосу кызуу талкууланууда. Анда Жапаров коноктордун алдында куттуктоо сөз сүйлөп, каалоо-тилек айтканын көрүүгө болот. 

 

Автор: Т-Медиа > 353 статей