БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президенттин басма сөз катчысы: эл колдобосо, гимнди өзгөртүүгө зарылдык болбойт

Президенттин басма сөз катчысы: эл колдобосо, гимнди өзгөртүүгө зарылдык болбойт

Сүрөт Алагөзовдун соцбаракчасынан алынды

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин “гимнди өзгөртөбүз” деген  билдирүүсү боюнча пикиринин билдирди. 

Ал бул тууралуу өзүнүн "Фейсбук" баракачасына жазып "гимн өзгөртүлөт"деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экендигин белгилеген. 

"Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек",-деп жазган Алагөзөв. 

Ал көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнди өзгөртүүгө зарылдык болборун кошумчалган. 

Бүгүн, 25-октябрда Кара-Кыргыз Автоном облусунун 100 жылдыгы, анын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйында ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев гимн өзгөрөрүн айткан. Төрага буга себеп катары Кыргызстан өнүгүү жолундагы өлкө экенин, гимн баары бирдей ырдай турган болушу керектигин белгилеген. 

Кыргызстанда гимнди өзгөртүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. 2012-жылы декабрь айында анын экинчи куплети толугу менен алынып салынган. Ага "бейкуттук"деген сөз терс мааниге ээ деген пикир себеп болгон. 

Гимн 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеште үч куплет болуп бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.

Былтыр мамлекеттик символдордун бири желек да өзгөртүлгөн. Анын дизайнын жаңылоо тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы декабрда Жогорку Кеңеште талкуусуз кабыл алынган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала