БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президенттин Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

Президенттин Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

Сүрөт: президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы 30-майда кабарлады. 

Маалыматка караганда, Козубаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулуп, ордуна Курбанбек Айтибаев дайындалган.

Шайлообек Козубаев бул кызматка былтыр 6-декабрда дайындалган. Учурда анын кайсы кызматка өткөндүгү айтылган эмес. 

Ал эми жаңы дайындалган Курбанбек Айтибаев буга чейин Ош облусунун Араван райондук, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы-аким  кызматтарында иштеген. Айтибаев 2021-жылы Сокулук районунун акими болуп, бул кызматтан 2023-жылы март айында бошотулган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей