БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Майлуу-Сууда ата-энеси жок балдарга муниципалдык батирлер берилди

Майлуу-Сууда ата-энеси жок балдарга муниципалдык батирлер берилди

Майлуу-Суу шаардык прокуротурасы

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында ата-энесинин камкордугусуз калган үч балага муниципалдык батирлер берилди. Бул тууралуу "Т-Медиага" прокурор Эрнест Асакеев билдирди.

"Бүгүнкү күнгө чейин прокурордук көзөмөлдүн жыйынтыгы менен Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан үч жетим балага муниципалдык батирлер берилген. Мындан сырткары М.А. аттуу жетим бала Майлуу-Суу шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ага кезексиз турак жай берилбей жаткандыгы жөнүндө арыз менен прокуротурага кайрылган. Бул боюнча калаа башчысына өспүрүмгө муниципалдык турак берүү жөнүндө талап келтирилди", -дейт ал.

Майлуу-Суу шаардык прокуратурасынын маалыматы боюнча, калаада 18 жашка чейинки балдардын саны 10 миң 696 болсо, анын ону тоголок жетим балдар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей