БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Путиндин Кыргызстанга сапары: кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча жети документке кол коюлду

Путиндин Кыргызстанга сапары: кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча жети документке кол коюлду

1

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы менен эки тараптуу жети документге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.


Кол коюлган документтер төмөнкүлөр:

  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы Б. Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Юстиция министрлиги мененОрусиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Орусиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга карата кызматташтык программасы;
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Орусиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

  • Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Орусиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;

  • Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

  • Орусия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда эртең менен Кыргызстанга расмий сапар менен келди. "Манас" эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Путин 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) президенттеринин жыйынына катышат.

Автор: Т-Медиа > 355 статей