БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райондук сот 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды актады

Райондук сот 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды актады

Иллюстративдик сүрөт

12-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган айыпталуучуну актады. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Айсулуу Ибраимова "Т-Медиага" билдирди. 

Ибраимова соттун чыгарган өкүмүнө макул эместигин айтып, чечимди толугу менен алгандан кийин кийинки инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

Бул боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 4-апрелде кайрылуу жасап, мамлекеттик органдардан сотто кызыдын укугун коргоого чакырган. 

Жабырлануучунун атасынын Акыйкатчы институтуна берген маалыматына ылайык, 2022-жылы 7-декарда 15 жаштагы кызы мектепке кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Алар ошол эле күнү Аламүдүн райондук милициясына арыз менен кайрылган.

9-декабрда милиция кызматкерлери кыздын уюлдук телефону аркылуу болжолдуу жайгашкан жерин табышкан. Издөө иштеринин жыйынтыгында өспүрүм Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен табылган. Андан тышкары батирде эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Милиция бөлүмүндө кыз кармалгандардын бири аны зордуктаганын айткан. Анын атасы бул иш боюнча дароо милицияга арыз жазган. Бирок кылмыш башка райондо болгондуктан иш башка РИИБге өткөрүлүп берилген. Ал эми шектүү дароо кармалган. 

Кийин тергөө учурунда милиция Казакстанда жүргүзүлгөн талаштуу экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнү эркиндикке коё бергени айтылган. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей