БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

УКМК төрагасы Матраимов 200 миллион доллар төлөп үй камагына чыкканын айтты

УКМК төрагасы Матраимов 200 миллион доллар төлөп үй камагына чыкканын айтты

Сүрөт: Т-Медиа

Коррупцияга айыпталып жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар төлөп, үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрда Жогорку Кеңеште түшүндүрмө берди.

Мунун алдында депутат Балбак Түлөбаев Матраимов абактан чыгарылганы коомчулукта чоң суроо жаратканы тууралуу суроо узатты.

"Райымбек Матраимовго үч берене менен кылмыш иши козголгон: "Чек араны мыйзамсыз басып өтүү", "Ээнбаштык" жана "Кылмыштуу кирешени адалдоо". Биз аны кармап келгенден кийин ишин сегиз ай тергедик. Эки күн мурун ал абактан чыкты. Матраимов бюджетке 200 млн долар төлөп чыкты. Бул 2 млн же 20 млн доллар эмес. Араңарда бизнес кылган депутаттар бул канча көп акча экенин жакшы билишет. Бул- 17 млрд сом. Матраимов буга чейин 2,5 млрд сомду бюджетке төккөн. Ошондо жалпы 19,5 млрд сом төлөдү. Албетте баары накталай эмес, мүлк менен да алынды. Мүлктүн баарын арзан баада баалап, алдык. Жакында соту болот. Анда биз койгон беренелер боючна жазасын тартат же айып пулун төлөйт. Акчасын төлөгөн соң аны камакта кармап отуруштун эч кандай пайдасы жок болчу, мамлекетке да, өзүнө да", - деди Ташиев.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен 11-ноябрда камактан бошотулганы белгилүү болгон. 

Матраимовдордун кармалышы 

Райымбек Матраимов быйыл 26-мартта бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор менен Баку шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жаткан. 

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Боромбаев Максат > 149 макала