БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райымбек Матраимовдун 3 млрд сомдон ашык кыймылсыз мүлкү мамлекетке өттү

Райымбек Матраимовдун  3 млрд сомдон ашык кыймылсыз мүлкү мамлекетке өттү

УКМК тараткан сүрөт

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 8-февралда билдирди.

Ага ылайык, төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн: 

- Бишкектеги Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу "Бай Таш мунарасы" турак жай комплекси, алдын ала баасы 16 млн 297 миң долларды түзөт; 

- Оштогу Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан "Ихлас" курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары,  алдын ала баасы 7 млн 627 миң долларын түзөт;

- Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен "БИМИ Ош сервис" БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн. долларды түзөт;

- Бишкек шаарынын "Эрем" спорт клубу, болжолдуу баасы 1 млн доллар;

- Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан эки корпус,  офис кеңсеси, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң долларды түзөт;

- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен "Юни Лаб" БКЖ(бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң доллар;

- Ош шаарындагы "Имарат Стиль" ЖЧКсына тиешелүү "ИМПЕРИАЛ" турак жай эмес коммерциялык имараты, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң  долларын түзөт.

"Бул объектилер Райымбек Матраимовдун жана анын жакын санаалаштары мыйзамсыз жол менен алган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча ыкчам иш-чаралардын негизинде алынды. Кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чаралары улантылып жатат", -деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат Райымбек Матраимовго январдын аягында издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренесинин "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө "мафия түзгөн" деп айыптаган.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей