БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Райымбек Матраимовго сот өкүмү чыкты
Коррупцияга айыпталып жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "Бейбаштык", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айып пул салынды. Өкүм 6-декабрда чыкканын "Т-Медиага" аталган соттон 9-декабрда билдиришти.
Маалыматка карганда, Матраимов айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып материалдык зыянды төлөгөндүктөн, эркинен ажыратылган эмес.
Ага "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо" беренеси менен да кылмыш иши козголгон. Бирок райондук сот бул боюнча маалымат тараткан жок.
Буга чейин Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен 11-ноябрда камактан бошотулганы белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, үй камагына чыкканын айткан.
Матраимовдордун кармалышы
Райымбек Матраимов быйыл 26-мартта бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор менен Баку шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жаткан.
Райымбек Матраимовго "Бейбаштык", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренеси боюнча айып тагылган.
Ал 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Ал өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat