БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Равшан Жээнбековдун "Эдельвейс-Тур" эс алуу жайы мамлекетке кайтарылды

УКМК: Равшан Жээнбековдун "Эдельвейс-Тур" эс алуу жайы мамлекетке кайтарылды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан төрт гектар "Эдельвейс-Тур" эс алуу аймагы мамлекетке кайтарылганын кабарлады. Атайын кызмат 15-мартта кабарлагандай, 
жер аянты 2000-жылдары азыр абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбековго өтүп кеткен. 

Экспертизанын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар аймак 16 млн 871 миң сомго бааланган. 

"Аталган жер тилке 2000-жылдары Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турганда аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган", -деп билдирди УКМК.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей